10 Февраль

Доц. Док. Алтынбек Жолдошов

(Кыргыз Түрк Манас университети, эл аралык мамилелер бөлүмү мугалими)

Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарынан тартып бир жактан экономикалык, саясий жана коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө кирише баштаса, экинчи жактан мамлекеттин чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо максатында коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзө баштады.

Бирок, чек ара маселелери боюнча эл аралык келишимдин түзүлүшүнүн убакытты талап кылышы, тарыхый жана географиялык негиздеринин талаш-тартыштуулугу кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо максатында жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү бир топ тоскоолдуктарды жараткан. Андыктан бул семинарда кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон чек-араларын делимитациялоо жана демаркациялоо процессиндеги оорчундуктар изилденип, маселенин негизги себептерине анализ жүргүзүлдү.