9-март 2017

2017-жыл, 9-мартта, уюштурулган семинарга Туркиянын кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин (TIKA) Кыргызстандагы офисинин координатору Еврен Рутбил “Кыргызстанда TIKA аракеттери” жөнүндө кеп кылды.

Өз сөзүндө Еврен мырза 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгун алгандан, ушул күнгө дейре TIKA ар тармактарда кызматташып, колдоо көрсөтүп келүүдө деп билдирди. Коногубуз, максаты киреше болбогон, Туркиянын өкмөт башчысына караган, ошондой

эле Туркия мамлекетинин бюджетинен каржыланган TIKA нын иш аракеттерин, бир тууган өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө багытталганын баса белгиледи. Координатор Кыргызстанда, Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейин реконструкциялоо иштери (кайрадан оңдоо), Ош шаарына оорукана куруу, Ноокат районуна суу чыгаруу, Нарын областына чакан клиникаларды куруу, эне жана баланын ден соолугуна кам көрүү боюнча ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сөз козгоду. Муну менен бирге мамлекеттик кызматчыларды жана адистерди окутууда техникалык муктаждыктарды камсыз кылуу, коомдук чөйрөдө: аялдарга, майыптарга, жумушсуздарга ылайык долбоорлор ишке ашырылып жана ар түрдүү гуманитардык жардам көрсөтүлүп келүүдө деп билдирди. Семинардын жүрүшүндө, TIKA тарабынан берилген көмөк, Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин талаптары менен ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын сунуштары боюнча аткарылып жатканын белгиледи. Программа интерактивдуу суроо-жооп бөлүмү менен аяктады.