16 Март 2017

2017-жылдын 16 март  Кыргыз-Түрк Манас Университетинин социалдык курулуштар имаратында

ORASAM жана Эл аралык мамилелер клубу тарабынан уюштурулган семинарга Түштүк Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Жун Беёонг Хоо мырза  “Кыргызстан-Түштүк Корея мамилелери” темасында маек курду. Сөзүн Түштүк Корея тарыхынан баштаган элчи мырза, Кыргыз жана Корей калктарынын тарыхы  бир болгондугуна токтолуп, эки элдин көп окшош жактары бар экендигин белгилеп өттү. 20.000 жакын корей улуту жашаган Кыргызстанда 2008 жылы Түштүк Корея элчилиги ачылганга чейин эки өлкө мамилелери ар түрдүү уюмдар бирикмелер тарабынан жүргүзүлүп келгендигин билдирди. Түштүк Корея элчилигинин ачылышы бир топ иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк түздү: жер иштетүүдө жаңы технологиялардын пайдаланылышы, заманбап күнөсканалардын курулмасы, ар кандай техникалык жардамдар, кыргыз жарандары үчүн электрондук паспортун жасалышы жана башка иштер тууралуу кенен мааламаттарды берди.