19 Май 2017

Доцент, м.а. Харун Жейлан.

Адамдардын төрөлүүсүнүн азайышы жана жашоо мөөнөтүнүн узарышы менен дүйнөдөгү калктар тездик менен картайууда. Бул протцесс салыштырмалуу улгайган адамдардын көбөйүүсүнө жана калктын картайышына себепкер болууда.

Мындай “картаюу” феномени социальдык саясат менен байланышы бар. Калктын жашы бүткүл дүйнөдө демографиялык саясатты аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет. Ошондой эле айрым өнүккөн өлкөлөр калктын картаюу проблемасы  менен  бир нече жылдар мурун эле кез келишкен болучу.

Бир эле убакта Индия Кытай сыяктуу өлкөлөр калктын санын чектөө боюнча социалдык саясий жолдорун иштеп чыгышкан учурда, батыштын өнүккөн коому тескеринче калктын картаюусуна жана санынын өсүшүнө кам көрө башташты. Бирок көрүнүп тургандай мындай саясат жетишсиз болду. Ошентип, калктын санын көбөйтүүнү каалаган да тескеринче аны чектоого аракет жасаган  өлкөлөр да өздөрү күткөн жыйынтыка жетише алышпады. Себеби, социальдык динамика мамлекеттер жүргүзгөн социалдык саясатка караганда чечүүчү ролду ойноду. Мындай кырдаалда демографилык саясатты кайсыл контексте кароо керек? Дегеле социалдык проблемалардан улам келип чыккан демографиялык картаюуну жеңип чыгуу мүмкүнбү? Мамлекеттер жана коом үчүн бул проблема келечекте кандай коркунучтарды жаратат? Жогоруда белгиленип өткөн проблемалар күн санап маанилүү маселеге айланып баратат.