19 Ekim 2017

Доцент, м.а. Юнус Эмре Гүрбүс.

(Кыргыз-Түрк Манас университети, Борбордук Азияны  изилдөө  борборунун  жетекчиси).

КТМУ ректору Себахаттин Балжы башында турган Борбордук Азиядагы университеттердин Ассоциасыясынын директорлор кеңеши (MAÜB), тарабынан  Гиресун Университетинде  “7- Эл аралык Карадеңиз Симпозиуму” болуп өттү.

Иш-чара “Турция жана Россия ортосундагы мамилелери” аттуу чакырыктын алдында Карадеңиз стратегиялык изилдөө борбору жана прикладык программа болгон (KARASAM) ошондой эле экономика жана административдик илим факультети  тарабынан ишке ашырылды. MAÜB уюмунун генералдык секретары жана Орто Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) башчысы, доцент, м.а. Юнус Эмре Гүрбүс “Осмон империясы жана Россиянын ортосунда 1768-1774 жылдары болгон согуштун бүгүнкү тарыхыбызда алган орду: Туркия жана Россиянын окуу китептериндеги салыштырмалуу анализ” аттуу билдирүү жасады. Өзүнүн докладында доцент, м.а. Юнус Эмре Гүрбүскыскача төмөндөгүлөрдү айтып өттү: “Осмон империясы жана Россиянын өз ара мамилелери 1491- жылы башталган деп кабыл алынган болучу. Россия жана Осмондордун аябагандай чоң аймактардын башкарып турушу, алардын ортосунда маал-маалы менен согуштар болуп турган. Бул узака созулган тарыхый жолдо эки өлкө арасында тогуз чоң согуш болуп өткөн. Чынында 525 жылдык мезгилди ичине камтыган тарыхый доор тууралуу сөз болгонунда тогуз эле согуштун болушу, бул тарыхтын узак мейкиндигинин көп бөлүгүн дипломатиялык жол менен согушту алдын алып болтурбай койгондугун айтууга болот.

Демек, дипломатиянын тажрыйбасы согуш тажрыйбасынан да ашыкча болдугун айтсак жаңылыш болбойт. Бүгүн бизге калганы, согуштардын чыныгы себептерин табуу, буларды жаңы муундарга туура түшүндүрүп түшүнбөстүктөрдү алдын алуу болуп саналат”.  Билдирүүсүндө доцент, м.а. Юнус Эмре Гүрбүс  бүгүн эки өлкө арасында жакындашуу болсо дагы, тарых сабактарында берилген маалыматтардын болушу жана булардын түшбөсүздүктөрүнүн чыныгы себептери душмандардын күчтөндүрүү үчүн жазылгандыгын белгиледи. Туркиядагы окуу китептеринде Россияны басып алуучу кылып көрсөтүү, Россиянын окуу куралдарында болсо,  Россиянын өзүн коргоо максатында согушкандыгын билдирет.  Мындай талдоолордун ордуна аны туура чечүүнүн ыкмасын табуу, жана чыккан тоскоолдуктарды дипломатиялык жол менен чечүүгө жөндөмдүү жаңы муунду даярдашыбыз керек деп эсептейт. Эки өлкө  бири-бирине  коңшу болгондугу үчүн экөөсү тең өз тарабынан сезимдерин  эске алуу менен эки жактан тең  жемишин бере турган  бир аймака келүүсүн баса белгиледи.