25 Декабрь 2017

Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси  Комил Рашидов негизги конок катары семинарга чакырылды. 2013-жылы  кызматына киришкен элчи мырза, Кыргызстан жана Өзбекстан арасындагы ар түрдүү багытагы мамилелери тууралуу баяндап берди.

Өз сөзүндө элчи мырза, акыркы жылдардагы  Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда стабилдүү экономикалык мамиле орногонун, ошону менен бирге эле укуктук байланыштардын чыңдалгандыгын белгилеп өттү. Анын айтымында эки өлкөнүн чек араларынын такталышы тышкы саясаттагы маанилүү иштердин бири болду. Эң негизгиси бул иш-чаранын аткарылышы эки тараптан тең жылуу кабыл алынды. Мындан ары дагы эки коңшу өлкөнүн мамилелеринин чыңдалышына чоң салымын кошо тургандыгына ишене тургандыгын билдирди.

Айрыкча элчи мырза Кыргыз-Өзбек соода жана экономикалык байланыштарынын динамикалык түрдө өнүгүп жатканын 2017-жылга карата товар жүгүртүүнүн көлөмү  % 60 пайыздык баскычтан өтүп 170 млн долларга жеткендигин  белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан жана Өзбекстан соода-сатык мамилелеринде бири-бирин негизи партнер катары көрүшөт. Бүгүнкү күндө бул мамилелерди сактап өнүктүрүү үчүн жагымдуу жагдай түзүлгөндүгүн, эки тараптуу байланышты өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар деп баса белгиледи.

Мындан тышкары өлкөлөрдүн эфективдүү жол транспортук байланыштарын өнүктүрүүгө багыталган иш-чаралар жүрүп жаткандыгына токтолду. Соода жана экономикада, транспорт жана байланыш секторунда жандануусу үчүн эң маанилүү болгон Кыргызстан аркылуу  Өзбекстан Кытай мамлекетине байланыштырган “Андижан-Ош-Кашкар” темир жолунун курулушунун өтө маанилүү экендигин баса айттып өттү. Бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү тармактарда, Өзбекстан жана Кыргызстан арасындагы иш бирлигин укуктук базанын негизинде тездетүү үчүн 154 келишим кайра карап чыгууга жана оңдолууга тийиш. Баардык келишимдер өлкөлөрдүн чек ара бүтүндүгүнү, эгемендүүлүгүнү күчтөндүрүү жана байланыштарын баардык тармактарда өнүктүрүү максатында түзүлгөндүгүн белгиледи. Семинарь андан ары студенттердин суроолору жана жооп берүүсү менен аягына чыкты.