5 Январь 2018

Доцент,  Азамат Темиркулов.

 2017-жыл 13-декабрда уюштурулган семинарда доцент, Азамат Темиркулов “Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жашыл модели” аттуу темада доклад окуду. Өз сөзүндө ал, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сунушталып келген бир нече долбоорлорго токтолуп өттү.

Автордун билдирүүсүндө, Кыргызстан коңшу мамлекеттерге караганда жаратылыш ресурстары чектелүү, кичине өлкө болгондуктан, өзүнүн кооз табиятын пайдалануу менен гана өнүгө алат.

Эң негизги биздин артыкчылыгыбыз таза айлана-чөйрө, таза аба, жана таза суу деп белгиледи. XXI – кылымда бай өлкө деп кооз жаратылышы бар мамлекеттер болорун айтып өттү. Кыргызстан бул багытта өтө маанилүү орунда турат.  Бирок, биз жаратылыш ресурстарыбызды туура эмес пайдалануудабыз. Жыл сайын токойлорубуз 4% пайызга, ал эми мөңгүлөрүбүз элүү жылдан кийин дагы 50% пайызга, азайат. Мындай зыяндуу көрүнүштөрдөн кутулуунун бирден бир жолу тоолорубузга токойлорду отургузуу болуп саналат. Мисалы, 2000 метр бийиктике чейин жаңгак жана жемиш берүүчү бактар отургузулса, андан жогору бийиктике ийне жалбырактуу дарактар эгилүүсү керек. Автор муну менен бирге туризм тармагы дагы өнүгүү жолуна түшөөрүн белгилейт. Эгерде туризмден түшкөн каражат өлкө бюжетинин 30% пайызын түзсө, экономика жакшы өнүгөт. Азамат Темиркулов  Кыргызстандын тоолорунда родон жана термалдык суулар чыккан жерлерге ден-соолукту чыңдоочу санаторийлерди куруу, органикалык таза жемиштерди өстүрүү, жыгач иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүү тууралуу кызыктуу маек куруп берди.