14-февраль 2018

Үстүбүздөгү жылдын 14-февраль күнү Экономика жана башкаруу факультетинде университеттин Борбордук Азияны изилдөө борбору тарабынан уюштурулган «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» деген темада семинар болуп өттү. Ага университеттин окутуучулары жана студенттер катышты.

Алгач Гуманитардык факультетинин декандын орун басары жана Борбордук Азияны изилдөө борборунун координатору Юнус Эмре Гүрбүз семинардын коногу жана максаты тууралуу маалымат берди. 

Семинардын коногу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Академиясынын башчысы Александр Уолтерс болду. Ал «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» деген темада баяндама жасап, студенттерге Кытай Эл Республикасынын  "Бир алкак – бир жол" деген  кызматташуу долбоорунун максаты жана анын Орто Азия өлкөлөрүнө болгон байланышы, ошондой эле учурдагы абалы, өзгөчө Кыргызстан жана Таджикистанга тийгизген таасири тууралуу маалымат берди.

Семинар суроо-жооп форматында уланып, соңуна чыкты.