15 ноябрь 2018

Доц. Док. Алтынбек Жолдошов

2018-жылдын 15 ноябрында Борбордук Азияны изилдөө борбору тарабынан уюштурулган  семинарда, Кыргыз Түрк Манас университети, эл аралык мамилелер бөлүмү мугалими Доц. док. Алтынбек Жолдошов Кыргызстандагы медреселердин өнүгүүсү жана институтционалдык ролу” аттуу темада доклад окуду. Докладан соң,семинарь суроо жооп иретинде уланды жана медреселерге байланышкан кызыктуу маалыматтар берилди.

Алтынбек Жолдошов өзүнүн командасы менен биргеликте Бишкек шаары жана Чүй областында 15 медресени иликтөөгө алышкан. Алар, медресе мүдүрүлөрү жана окутуучуларынан баардыгы болуп 31 адамдан интервью алышкан. Ошондой эле 352 медресе окуучулары менен көрүшүп, анкеталык сурамжылоо жүргүзүлгөн. 2000-жылдан бери Кыргызстанда медреселердин санын көбөйгөндүгүн белгиленди. Анкеталык сурамжылоонун негизинде, көпчүлүк учурда социалдык экономикалык абалы анча жакшы болбогон жана көп жылдар бою (он жылдан кем эмес) дин жолунда жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдары окуй тургандыгы  аныкталган.  

2010 – жылдан баштап медреселердин ортосунда атаандаштык күчөгөндүгүн белгилеген Жолдошов, медреселерди формалдуу түрдө эки топто “салттуу” жана “жаңычылдар”  деп кароого болот эсептейт. Бул эки топтун ичинде, жаңычылдар деп эсептелген медреселерге келгендерге, региондоруна жараша квоталар каралган. Башкача айтканда, ар бир региондон белгилүү гана өлчөмдө окуучулар кабыл алынгандыгын билдирди.  Медреседе билим алыш үчүн тогузунчу классты аяктоо керек экендигин, жана медреселердин финансылык каржылоо иштерин жергиликтүүлөр тарабынан ишке ашырыла тургандыгын белгиледи.