12.03.19.

Доц. Др. Юнус Эмре Гүрбүз.

2019-жылдын 12-мартында Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Борбордук  Азияны изилдөөлөр борбору тарабынан уюштурулган семинарында ошол борбордун төрагасы, тарых бөлмүнүн окутуучусу Доц. Др. Юнус Эмре Гүрбүз “Индия таасирлери” аттуу баяндамасы сунуштады.

Доц. Др. Гүрбүз Индиянын Жавахарлар Неру Университетинде (JNU) конок окутуучусу катары өткөргөн убакыттын ичиндеги Индиядан алган таасирлери менен бөлүштү. Дели шаарында орун алган Жавахарлар Неру университетинин Эл аралык изилдөө мектебинин Россия жана Орта Азия изилдөөлөр борборунун чакыруусу менен барган Доц. Др. Юнус Эмре Гүрбүз бул окуу жайында “Кыргызстан: Орта Азиядагы плюрализмдин аралы”, “Казакстан: бийлик менен эгемендүүлүктүн консолидациясы”, “Өзбекстан: Кыйынчылыктар менен жүздөшүү жана улуттук иденттүүлүктүн курулушу” аттуу темаларда семинар бергенинин айтып берди.

Орта Азия боюнча магистрдик жана доктордук изилдөөлөрүн жасап жаткан студенттердин жана Орта Азия региону боюнча адистеринин катышуусу менен сабак өткөн жана студенттерге дипломдук иштери боюнча жетекчилик кылган Доц. Др. Юнус Эмре Гүрбүз семинарда:  “Жавахарлар Неру университетинде окуган 8400 студенттин 900 гана бакалавр бөлүмүндө окушат. Окуу жайы көбүнчө магистрдик жана доктордук изилдөөлөргө басым жасаган, күчтүү деңгээлдеги окуучу жана окутуучуларды кабыл ала турган мамлекеттик университет. Окуу жайында Эл аралык изилдөөлөр мектебинин алдында региондор боюнча изилдөө жүргүзгөн бөлүмдөр бар жана ошол эле убакта Индиядан жана дүйнөнүн ар кыл тарабынан келген студенттерге билим берүүдө”,- деп баяндап берди.

Индиянын маданияты, экономикасы, саясий түзүлүшү, каста системасы, диний ишенимдери жана архитектурасы жөнүндө маалымат берди. Тарыхый жана турсттик жайлардагы саякаты учурунда тартылган тиешелүү сүрөттөрү менен кызыктуу баяндап берди.

Доц. Др. Гүрбүз: “Индия тили, дини жана маданияты жагынан түрдүү, бул окшошпостуктар коомдун жана этникалык түзүлүштөрдүн бир бүтүн катары жашоосунун себеби боло алат”,- деп белгиледи. Көчөлөр, жашоочу жайлар жана архитектурасы ар кандай болгондугун айта кетти. Соңунда суроо-жооп түрүндө маанилүү маалыматтар алынды.