05.04.2019.

Доц. Др. Юнус Эмре Гүрбүз

Кыргыз-Түрк Манас Университетинде “7-апрель элдик революциясын эскерүү күнү” болду.

2019-жылдын 5-апрелинде ректораттын жыйын залында Борбордук Азияны изилдөө борбору тарабындан уюштурулган иш-чарага, ректор Проф. док. Себахаттин Балжы, проректор Проф. док. Анварбек Мокеев, окутуучулар жана студенттер катышышты.

Жыйындын ачылыш сөзүндө Проф. док. Себахаттин Балжы 7-апрель элдик революциясын өз көзү менен күбөсү болгондугун билдирди. Башынан өткөргөн тажрыйбалары менен бөлүшүп: “Кыргызстанда 2010-жылдын апрель айынан тарта туруктуу мезгил башталды жана бул мезгил ичинде коом кыйла өнүктү”, - деп билдирди. Ректор мырза туруктуулук, ынтымак жана биримдикдиктин коомду алдыга сүрөй тургандыгын билдирүү менен түрк дүйнөсүнүн жаштары КТМУда тынчтык шартында өсүп жаткандыгын жана бул жаштардын Кыргызстандын да түрк дүйнөсүнүн да жаркын келечегин куруп жаткандыгын айта кетти. Ачылыш сөзүнөн кийин БАИБ төрагасы жана тарых бөлүмүнүн окутуучусу Доц.Др. Юнус Эмре Гүрбүз “Кыргызстанда 7-апрель элдик революциясы, плюрализм жана саясий туруктуулуктун корголуусу” аттуу темада, жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн ага окутуучу Др. Алтынбек Жолдошев “7-апрель элдик революциясы көз-карашынан Кыргызстандын парламенттик шайлоо системасы” темаларында баяндамаларын жасашты.

Доц.Др. Юнус Эмре Гүрбүз баяндамасын: “2010-жыл апрель айында орун алган элдик революциясы Кыргызстанды түшүнүүгө кандай жардамчы боло алат?” деген суроосу менен баштады. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгандан кийинки саясий түзүлүшүн, шайлоо процесстерин ачыктоо менен баядамасын улантты. “Эмне үчүн Кыргызстанда авторитардуу бийликке каршылык көрсөтүү бар? Көтөрүлүштөр кантип ийгиликке жетишүүдө? Кантип туруктуулук кайрадан курулууда?” суроолору менен баяндамасын улантты жана плюралисттик негизге ээ болгон кыргыз коомунун авторитардык режимдерге каршы болушунун тарых, географиялык түзүлүшү, эгемендүүлүктөн кийинки экономикалык жана саясий реформалар жана чоң өлчөмдөгү киреше булактарынын жетишпестиктерине байланыштуу болгондугун билдирди. Кыргыз коомуна жана маданиятына терс болгон саясий бийликти авторитардуу нукка буруу аракеттеринин натыйжасында революция келип чыкканын айтты. Кыргыз коомунун жана саясатчыларынын сүйлөшүүлөргө ачык, ийкемдүү, келишимдерди түзүүгө жөндөмдүү түзүлүшү бар болгондуктан жарандык согушка кирбестен туруктуу жол менен уланткандыгын айта кетти. Гүрбүз: “Кыргызстан плюралисттик коомдук түзүлүшкө ээ, ошондуктан плюралисттик саясий система эң оптималдуу... Кыргызстан алгач жолу плюрализмди коргоо үчүн Орта Азияда эч болуп көрбөгөндөй элдик революция жасады! Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн чечилет жана бир кыйла жетилген демократиялык система жолуна түшөт деп үмүттөнөбүз”, - деп баяндамасын аяктады.