2019-жылдын 20-майында Кыргыз-Түрк Манас университетинде аталган окуу жайынын профессор жана окутуучуларынын катышуусунда жана Борбордук Азияны изилдөөлөр борборунун колдоосу менен,

“Борбордук Азия аймагынын учурдагы коопсуздук системасы: жаңы көз караштар жана ыкмалар” темасында Л.Н Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн доктарантурасынын 2-курсу студенти Алькеев Ануар Казбековичтин семинары болуп өттү.

Семинар, докторанттын диссертациялык изилдөөсүнүн негизги жоболорун талкуулоого арналган. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга ушул жылдын 25-апрелинде Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен, Манас Университетине стаж өтүү үчүн келген эл аралык мамилелер бөлүмүнүн докторанттарынын максаттары жана милдеттери тааныштырылды. Студенттер Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Манас Университетинини ортосунда 2017-жылдын 7-апрелинде келишилген, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жана студенттердин өзүлөрүнүн окуу жайынын чет өлкөдө стаж өтүү программасынын алкагында келишкен.

Алькеев Ануар өзүнүн докладында семинардын катышуучуларына, диссертациялык изилдөөсүнүн негизги жоболорун жана бөлүмдөрүн тааныштырды. Докторант Борбор Азия чөлкөмүнүн аймактын коопсуздук системасын, изилдөөнүн теориялык жана методдук бөлүгүн айтып берди.  Борбордук Азия аймагынын көйгөлөрүн жана сапаттуу коопсуздук менен камсыз кылуу жана Борбордук Азия аймагынын коопсуздугу тармагында өкмөттөр арасындагы мамилелердин институтташтыруунун чегин белгилей кетти.

Соңунда семинардын катышуучулары, докторанттын изилдөөсүнүн теориялык жана практикалык бөлүмү боюнча суроолорду талкуулашты жана аталган тема боюнча кеңештер берилди.