2019-жылдын 20-майында Кыргыз-Түрк Манас университетинде аталган окуу жайынын профессор жана окутуучуларынын катышуусунда жана Борбордук Азияны изилдөөлөр борборунун колдоосу менен,

“Сауд Арабиясынын Борбордук Азиядагы стратегиялык кызыкчылыктары: көйгөлөр жана күтүүлөр” темасында Л.Н Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн доктарантурасынын 2-курсу студенти Мустафаев Бауржандын семинары болуп өттү.

Семинар докторанттын “Сауд Арабиясынын Борбордук Азиядагы стратегиялык кызыкчылыктары: көйгөлөр жана күтүүлөр” темасындагы диссертациялык изилдөөсүнүн негизги жоболорун талкуулоого арналган.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга ушул жылдын 25-апрелинде Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен Манас Университетине стаж өтүү үчүн келген эл аралык мамилелер бөлүмүнүн докторанттарынын максаттары жана милдеттери тааныштырылды. Студенттер Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Манас Университетинини ортосунда 2017-жылдын 7-апрелинде келишилген Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жана студенттердин өзүлөрүнүн окуу жайынын чет өлкөдө стаж өтүү программасынын алкагында келишкен.

Мустафа Бауржан Сауд Арабиясынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусунун теориялык негизи жана обьективдүү шарттары жөнүндө маалымат берди. Сауд Арабиясы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин тарыхый, географиялык жана геосаясий шарттарын түшүндүрдү. Изилденген өлкөлөрдүн экономика, соода, транспорт, маданият тармактарындагы кызматташуусунун багытын аныктаган жагдайларга кыскача токтолду.

Соңунда семинардын катышуучулары докторанттын изилдөөсүнүн теориялык жана практикалык бөлүмү боюнча суроолорду талкуулашты жана аталган тема боюнча кеңештер берилди.