Борбордук Азияны изилдөө борборунун мүдүрү  Доц. Др. Юнус Эмре Гүрбүз, 2019-жылдын 12-марть күнү, Манас радиосунун түз эфиринде “Жаңы күн” аттуу кыргыз тилиндеги программасына катышып Индия өлкөсүнөн көргөндөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

  Доц. Др. Юнус Эмре Гүрбүз, Индиянын Дели шаарында жайгашкан Жавахал Неру (JNU) университетинин эл аралык  изилдөөлөр мектебинин Борбордук Азияны жана Россияны изилдөө борборунун чакыруусу менен бир айлык мөөнөткө, конок окутуучу катары семинарларын берип келди.

Юнус Эмре Гүрбүз, Жамия Милла Исламия университетинде дагы лекция окуп жогорудагы эки окуу жайы менен Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк Манас университети жана Орто Азияны изилдөөлөр борбору (ORASAM) ортосунда кызматташууну баштады. Манас радиосуна берген маегинде ал, төртүнчү ирет барып келген Индия өлкөсүнүн маданияты, билим берүү системасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Индия, Кыргызстан жана Түркия өлкөлөрүнүн ортосундагы билим берүү тармагында салыштырууларды жасады. Мындан тышкары көрүүчүлөрдөн келген суроолорго жооп берди. 

video