2019-жылдын 24-октябрь күнү Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин алдындагы  «Борбордук Азияны изилдөө борбору» колдоосу менен «Казакстан Республикасынын суу коопсуздугу: саясий тобокелдиктери жана коркунучтары» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук  университетинин "саясат таануу" адистигинин 3 курсунун  докторанты  Жансаутова Алия өзүнүн илимий иши тууралуу кеңири баяндама жасады.

Семинардын жүрүшүндө, катышуучулар докторанттын  илимий ишинин максаттары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат алышты. Жансаутова Алия өз сөзүндө, Казакстан Республикасынын суу коопсуздугун талдоонун объективдүү жана теориялык негиздерине токтолду жана бул багыттагы бир катар олуттуу көйгөйлөрдү, өлкөнүн суу ресурстарынын коопсуздугу үчүн саясий коркунучтарды жана тобокелдиктерди ачыктады. Ал ошондой эле, чек арадагы суу ресурстарын пайдалануу жаатында,  Борбордук Азия өлкөлөрү менен Казакстандын өз ара кызматташуусун, саясый тобокелдиктерин жана коркунучтарын натыйжалуу башкарууга шарт түзгөн факторлорду белгилеп өттү.

Семинардын соңунда, катышуучулар докторанттын изилдөөсүнүн теориялык жана практикалык бөлүгү боюнча суроолорду талкуулашты жана аталган тема боюнча кеңештерин беришти.

Эскерет кетсек, докторант Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин ортосунда 2017-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн «Өз ара түшүнүшүү» меморандумунун жана докторанттардын чет өлкөдө стаж өтүү программасынын алкагында келген.