2019-жылдын 24-октябрь күнү Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин алдындагы  «Борбордук Азияны изилдөө борбору» колдоосу менен “Евразия мейкиндигинде Казакстан Республиканын Интеграциялык долбоорлору” аттуу семинары болуп өттү. Семинарда Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук  университетинин "саясат таануу" адистигинин 3 курсунун  докторанты Досымхан Енлик өзүнүн илимий иши тууралуу кеңири баяндама жасады.

Семинардын жүрүшүндө, катышуучулар докторанттын  илимий ишинин максаттары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат алышты.

Докторант Досымхан Енлик илимий иликтөөсүндө, Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстеринин учурдагы абалы жана  ЕАБ, ЖККУ, ШКУ уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнө токтолду. Анын айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрү евразиялык мейкиндикте интеграциялык долбоорлорду түзүүдө жана өнүктүрүүдө негизги орунду ээлейт.

Докторанттын пикири боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен, Казакстандын интеграциялык процесстердин өнүгүшүндө өзгөчө ролу бар. Евразиялык мейкиндикте жайгашкан өлкөлөрдүн ички саясий карама-каршылыктары, финансылык-экономикалык кризистери, коомдук гуманитардык, аскердик, саясий, соода экономикалык тармактарындагы  оорчулуктарына карабастан, интеграциялык долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу толук мүмкүн. Ал үчүн бул тармактар деталдуу изилдөөгө муктаж экендигин билдирди.

Семинардын соңунда, катышуучулар докторанттын изилдөөсүнүн теориялык жана практикалык бөлүгү боюнча суроолорду талкуулашты жана аталган тема боюнча кеңештерин беришти.

Эскерет кетсек, докторант Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин ортосунда 2017-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн «Өз ара түшүнүшүү» меморандумунун жана докторанттардын чет өлкөдө стаж өтүү программасынын алкагында келген.