2020-жылдын 23-январь күнү, Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) колдоосу менен Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинде эл аралык илимий стажировка алкагында, "Борбор Азия өлкөлөрү жана Ислам Кызматташтык Уюму: абалы жана кызматташуунун келечеги"- аттуу темада семинар болуп өттү. Семинарда Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетинин “аймак таануу” адистигинин 3 курсунун докторанты Дауренова Алия өзү иликтеген илимий иши тууралуу университеттин окутуучуларына маалымат берди.

Докторант Дауренова Алиянын иликтөөсү, Борбор Азия өлкөлөрү жана Ислам Кызматташтык Уюмунун ортосундагы кызматташуу маселелерине арналган.

Докторант семинардын жүрүшүндө, өзүнүн диссертациясынын жоболору жөнүндө кеңири айтып берди. Изилдөөчүнүн илимий ишинде, Ислам Кызматташтык Уюмунун курамындагы Ислам өнүктүрүү банкынын, Борбордук Азияд чөлкөмүндө жүргүзгөн  ишмердүүлүгүнө өзгөчө орун берилген.  

Автор Ислам өнүктүрүү банкынын аймактагы өлкөлөрдү каржылоодогу перспективдүү багыттарына токтолгон.

Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорлордун ишке ашырылышынын динамикасын жана акыркы беш жыл ичинде, Борбордук Азия өлкөлөрүнө берилген финансылык жардамдарынын жыйынтыгын аныктоого аракеттер көрүлгөн. Докторант семинардын жүрүшүндө, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнүн динамикалык хронологиясын көргөзгөн. Ошондой эле кызматташтыктын негизги көйгөйлөрүн жана перспективаларын аныктоо, долбоорлорду каржылоодогу ишмердүүлүктөрүнө  илимий талдоо жүргүзгөн.       

Жыйынтыгында, семинардын катышуучулары докторанттын илимий изилдөөлөрүнүн теориялык жана практикалык бөлүгү боюнча суроолорду беришти жана талкууларды жүргүзүштү. Катышуучулар жаш окумуштууга илимий иши тууралуу баалуу сунуштарын беришти.