Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) мүдүрү Доц. Д-р. Юнус Эмре Гүрбүз 2021-жылдын 11-март күнү “Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстанда тарых билимин берүү аркылуу улуттук инденттүүлүктү калыптандыруу” аттуу онлайн семинар өткөрдү.

Жакынкы Чыгыш Техникалык университетинин Евразияны изилдөө программасы жана Карабүк университетинин Аймак таануу программасы тарабынан уюштурулган семинар онлайн форматында өткөрүлдү. Ал берген семинарда Доц. Д-р. Юнус Эмре Гүрбүз Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан кийин советтик идеологияны улуттук идеологиясына алмаштыруу боюнча кадамдарын, жаңы идеологияны издөөнү жана алардын тарых билимине тийгизген таасирин баса белгиледи. Көптөгөн өлкөлөрдүн катышуучулары катышкан семинар эки саатка созулуп, суроолор берилди.