18.03.21

Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) мүдүрү Доц. Д-р. Юнус Эмре Гүрбүз, 2021-жылдын 18-март күнү  “Түрк дүйнөсүнүн өткөнү, бүгүнү жана келечеги” аттуу симпозиумунун алкагында,  “Түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктары жана маданий мурасы” аттуу отурумунда, “Түркиянын жана Кыргызстандын жарандарынын маданий жакындыгы Кыргызстанда жашоо: Кечээ, бүгүн жана эртеңки күндөрдө” аттуу  презентациясын жасады.

Доц. Д-р. Юнус Эмре Гүрбүз, төрт бөлүктөн турган презентациясында: тарыхый негиздер, маданий баалуулуктардын жакындыгы жөнүндө социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, маданий таануу боюнча табылгалар, жалпы жарандык билим берүүгө токтолду.

Өз презентациясында Юнус Эмре Гүрбүз жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Түркия менен Кыргызстандын жарандарынын жакындыгы өтө жогору болгонун, бирок өз ара таануу төмөн болгонун аныкташкандыгын маалымдады. Ал эки мамлекеттин тилин билүү жана башка мамлекетте билим алуу ошол мамлекеттин маданиятын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет, ошондуктан тил үйрөнүү, алмашуу программалары жана стипендиялар менен башка мамлекеттеги билимди колдоо туура деп билдирди. Ошондой эле ал Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) атынан биргелешип өткөрүлгөн орток жарандык сабактары тууралуу дагы маалымат берип өттү. Эки өлкөнүн жарандары алмашуу жолу аркылуу билим алуулары, маданий жакындашуу үчүн пайдалуу болорун жана  Түрк дүйнөсүндөгү маданий окшоштуктарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.