Түркия менен соода жүгүртүүнү бир жарым эсеге көбөйтүү ниетин Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Анкара шаарында билдирди.

Ал өз оюн Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен биргеликте маалымат каражаттары үчүн биргелешкен жыйынын учурунда айтып өттү.

Назарбаевдин айтымында күн тартибине киргизилген аймактык жана эл аралык маселелер боюнча  Анкара менен Астанын  көз караштары окшош. "Биз түрк президенти менен биргеликте жемиштүү жолугушуу өткөрдүк.  Бул жолугушуу бизге актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн өтө ыңгайлуу болду.  Жалпысынан алганда, белгилей кечү нерсе Астана жана Анкара ар дайым аймактык жана эл аралык маселелерди ачык айкын талкуулап келгендигин  белгилеп кетким  келет” – деп билдирди президент.

Ошондой эле мындан ары да эки бир тууган элдин ортосундагы саясий диалог жана достук мамиле бекемдөөгө эки өлкөнүн кызыкдар экендигин белгиледи. Эки түрк тилдүү мамлекеттер тарабынан жарыяланган маалыматка ылайык, соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга пландап жатабыз деп белгилеп келип: “Азыр биздин өлкөдө түрк капиталы менен ишке киргизилген 1800 ишканалар бар. Соодада эки өлкөнүн ортосунда өткөн жылкы көлөмү дээрлик $ 2 млрд долларды түзгөн. Биз мындан ары да бул көрсөткүч $ 5 млрд долларга жеткиребиз деп макулдашканбыз” – деп  билдирди.

EAD маалымат агентигинин  билдиргендей, Түркия  Казакстандын жогорку он ири соода өнөктөшүнө кирет. Көз карандысыздыкты алгандан бери Түркия Казакстан Республикасынын экономикасына 3 млрд $ доллардан ашуун түрк капиталын салды.  Болжол менен азыркы учурда эки миң түрк компаниялары иш алып барууда.