2018-жылга карата товар  жүгүртүүнүн жогорку өсүш динамикасы болжолдонууда.

Мындай мүмкүнчүлүк Кытай жана Казакстандын жетекчилери белгиленген соода жүгүртүүнүн көлөмү $ 20 млрд долларга жеткирүүгө шарт түзөт. Мындай пикирин Казакстандын вице-премьери Аскар Мамин  Кытай Элдик Республикасынын өкмөт башчысынын жардамчысы Хань Чжэн менен Пекин шаарында болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Аскар Мамин Кытай Казакстандын негизги соода өнөктөрүнүн бири болуп саналат деп белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2017-жылы 30% пайызга өскөн. Тараптар эки соода экономикалык, каржылык, энергетика, транспорт жана логистика, айыл чарба жана өнөр жай тармактары, ошондой эле чек ара жана аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты.

Мындан тышкары, Пекинде Казакстандын вице-премьери Аскар Мамин Хенан жана Чонгкинг облус жетекчилери менен жолугушту.

Иш сапарынын жүрүшүндө Кустанай шаарына телевизор өндүрүүчү заводдун курулушу жана айыл чарба, жолдорду куруу  боюнча документтерге кол коюлду. Ошондой эле баасы $ 1,9 млрд доллар турган 11 долбоорду биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетишилди.

Учурда, Кытай жана Казакстан өлкөлөрү өнөр жай, транспорт, логистика тармактарында баасы $ 28 млрд өлчөмүндө болгон  51 биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда.

 

https://eadaily.com/ru/news/2018/09/26/kitay-i-kazahstan-hotyat-uvelichit-tovarooborot-do-20-mlrd