Түндүк Казахстан облусунун Тайыншинский районунда “Bio operations”  заводу ишке берилди.

Түндүк Казакстан облусунун басма сөз кызматы билдиргендей, ишкана биоэтанол, крахмал жана глютен өндүрөт.

Райондун акими Кумар Аксакаловдун айтымында завод өлкөнүн стратегиялык жактан маанилүү ишканаларынын бири болуп саналат. Жалпы инвестициялык көлөмү 11 миллиард теңгени түзгөн ($ 29,7 млн). Кайра иштетүү боюнча жылдык кубаттуулугу 300 миң тонна буудайды түзөт. Продукцияны өндүрүү үчүн жергиликтүү гана чийки зат колдонулат.

Кумар Аксакалов: "Бул уникалдуу ишкана болуп саналат. Дүйнө жүзү боюнча мындай заводдон саналуу эле бар экенин белгилеп кетүү зарыл. Заводдо иштей турган 400 адамдын баары жергиликтүү тургундар болуп эсептелет. Жакын арада Борбор Азияда аналогу болбогон эт комбинаты да ишке киришмекчи. Эт комбинатынын жылдык кубаттуулугу 15 миң тонна этти түзөт. Келечекте  1000ге жакын адам жумуш менен камсыз болушат. Аймактагы салык кирешелери жылына 100 миллион теңгени түзмөкчү ", - деп билдирди ал.

Учурда клейковина жана крахмал өндүрүүчү цех иштеп жатат. Кийинки баскыч: бензиндин курамындагы октан затынын пайызын жогорулатып анын негизинде экологиялык жактан таза бензин өндүрүлөт. Азыркы учурда Казахстандын мунай иштетип чыгарган заводдоруна биоэтанолду экспорттоо боюнча  сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мурда глютен, крахмал жана биоэтанол чет өлкөдөн алынып келинсе, азыр болсо Түндүк Казахстан заводу өлкөнүн бардык муктаждыктарын толук камсыз кылат. Мындан тышкары,  заводун өндүргөн продукциясы Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө экспорттолот.

https://ca-news.org/news:1475360