2018-жылдын 26-октябрында Астана шаарында Казахстандын жана Өзбекстандын  Тышкы иштер министрлери ортосунда консулдук маселелер боюнча кеңеш болуп өттү.

Казахстандын атынан консулдук кызмат департаментинин башчысы Тауболды Умбетбаев, ал эми Өзбекстандан консулдук-укуктук департаментинин башчысынын орунбасары Фариддин Насриев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, бул тармактагы эки өлкөнүн мамилелерин талкуулашты жана мунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду.

Жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин негизгилеринин бири, эки өлкөнүн ортосунда туризм тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган  «Silk Road» (“Жибек Жолу”) визасын киргизүү болду.

Эскерте кетсек, эки мамлекет ортосунда шенген визасына аналог боло турган, бирдиктүү виза киргизүү оюн биринчи болуп үстүбүздөгү жылдын июнь айында сенатор Дарига Назарбаева билдирген эле. Анын айтымына караганда, бул Орта Азияга бай туристтерди тартууга жардам берет.

https://www.nur.kz/1760037-kazahstan-i-uzbekistan-nacali-peregovory-po-sozdaniu-edinoj-vizy.html