31.10.18.

Түркстанга келген турист саны 5 миллионго жеткирүү рландалууда.

Бул жөнүндө Түркстан облусунун акими Жансеит Туймебаев Түркстан шаарында өткөн Борбордук байланыш кызматтарынын басма сөз жыйынында: "Президент, Түркстанды рухий жана туристтик борборго айлантууга буйрук берди”, - деп билдирди. Өткөн жылга салыштырмалуу Түркстанга келген туристтердин саны 57,2% пайызга өскөн. Биз бул аймактын потенциалын  натыйжалуу колдонушубуз керек. Туризмди өнүктүрүү максатында 2018-2025-жылдар аралыгында, туризм тармагын өнүктүрүү Концепциясы даярдалган. Аны ишке ашыруунун натыйжасында, 2025-жылы туристтердин саны беш миллионго чейин жогорулатуу зарыл экендигин кошумчалады.

Түркстанда ошол эле багытта үч мейманкана, 1 жатакана, 2 санаторий жана туристтик компанияны ачуу пландаштырылууда. 14 туристтик объект (мейманканалар, санаторийлер) ушул жылдын аягына чейин ачылат. Мындан тышкары, "Каскасу" тоо-лыжа базасын өнүктүрүү долбооруна, "Сарыагаш" санаторийин кеңейтүү жана  Шардара суу сактагычында пляж туризм түзүү боюнча  колдоо  көрсөтүлүүдө. Түркстан мэри Жансеит Тумейбаев журналисттердин суроолоруна түрк, татар тилдеринде жооп берди.

https://www.inform.kz/ru/5-mln-dostignet-kolichestvo-turistov-poseschayuschih-turkestan_a3442053