2018-жылдын 5-6-ноябрында Астана шаарында Казахстан Республикасы менен Кыргыз Республикасыннын ортосунда 2003-жылдын 25-декабрында кабыл алынган келишимдин алкагында автомобилдик унаалар боюнча казак-кыргыз комиссияларынан турган отурум болуп өттү.

Отурумда тараптар жүргүнчү жана жүк ташуу боюнча маселелерди талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташуунун көлөмү боюнча маалымат бөлүшүштү жана жүк ташуунун көлөмү өскөндүгүн билдиришти.

2018-жылы 8 айдын ичинде автоунаа менен жүк ташуунун көлөмү 42 пайызга өсүү менен 1040,8 миң тоннаны түздү. Булардын ичинен негизги жүктөр, өсүмдүк азыктары, даяр тамак-аш азыктары, негизги керектелүүчү азыктар, курулуш материалдары жана башкалар бар.

Сүйлөшүүлөдүн жүрүшүндө 2019-жылга карата үчүнчү өлкөлөрдөн жана өлкөлөргө жүргүнчү ташуу үчүн  500 жана дайыма эмес жүргүнчү ташууга 30 квота берилди.

Муну менен бирге тараптар “Бишкек-Ташкент” транзиттик каттамынын тизмесин кайрадан карап чыгууну макулдашышты.

Отурумдун жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

http://www.mid.gov.kz/ru/news/obem-perevozok-gruzov-avtotransportom-mezhdu-kazahstanom-i-kyrgyzstanom-uvelichilsya-na-42