Россия жана Азербайжан жаратылыш байлыктарына бай, туристик эс алууга ылайыктуу болгон Каспий деңизин пайдаланууну көздөп жатышат. Туристер эс алуусу үчүн, жаңы курулуп жаткан россиянын круиздик кемеси, эмдиги жылы жай айынан баштап Каспий деңизинде туристик саякатка чыгууну сунуш кылат.

Россиялык 310 адамга ылайыкташкан «Петр Великий»  кемеси  келерки жылдын жай айында биринчи ирет жолго чыгат. Ал деңизди бөлүшкөн беш өлкөнүн, Россия, Азербайжан, Казахстан, Туркменистан жана Ирандын деңиз порторун кыдырат. Бул иштин планы, Россия президенти Владимир Путиндин жакында эле Казахстанга жасаган официалдуу визити учурунда,  Актау шаарында кабыл алынган. Баардык туристик инфраструктура курулуп бүткөндөн кийин, жылына аймакка бир милион туристин келиши күтүлүүдө. Азыркы учурда Петр Великий кемеси, Каспий денизинин жээгиндеги Россиянын Астрахан шаарынын портунда  курулуш иштери жүрүүдө. Каспий экспедициясы аяктагандан кийин, кеме Вога жана Дон дарыялары аркылуу жүрүш жасаганы турат. Андан соң Азов жана Карадеңизге да чыгуусу пландалууда.

https://eurasianet.org/watch-out-caribbean-caspian-cruises-to-set-sail-soon