CA-NEWS (KZ) - Алматыда 2018-жылдын аягында төө этинен жасалган тушёнка өндүрүштүк ишканасынын ишке түшөрүн «Казинформ» ЭМА кабарлады.
"Мен «Тамак-аш азыктарынын технологиясы жана коопсуздугу» кафедрасында окутуучумун. Өз учурунда биздин кафедрада төө этинин сапаты жана ага химиялык булгоочулардын таасири менен байланышкан изилдөөлөр боюнча эки доктордук PhD диссертациясы жакталган.

Биз доктордук диссертациялардын  жыйынтыгына таянып «Эт жана өсүмдүк консерваларын өндүрүүдө, төө этин иштеп чыгуунун ресурс үнөмдөөчү технологияларын ишке киргизүү» проектисин ишке ашырууну чечтик", – дейт Казак Улуттук агрардык университетинин инновациялык илимий окутуу борборунун башчысы Жылдыз Сулейменова.

Анын айтымында, долбоор Казак Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигининин «Илим фонду» АК тарабынан өткөрүлгөн илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктүн натыйжаларын коммерциализациялоо проектиси боюнча гранттык каржылоону алууда жарыялашкан. Идея кабыл алынган, ошондой эле, негизги милдеттүү шарттардын бири жеке өнөктөштүн катышуусу эле. Ал «Күн-Нуры» ЖЧШ болду. Проекти ишке ашырууга мамлекет «Илим фонду» аркылуу 151,3 миллион тенге, ал эми жеке өнөктөшү 7,5 миллион тенге бөлүп, ошондой эле, жакынкы келечекте өндүрүштүк ишканага айланчу имаратты берген. Алгач ассортимент үч түрдө: төө этинин таза тушёнкасы,ошондой эле,  гречка жана күрүч менен болмокчу. Кийин суроо-талаптын өсүшү менен өндүрүштүн сабы кеңейтилет дейт Жулдыз Сулейменова.“ Ишкананы ачуу кийинки жылга пландалып жатат. Долбоорду ишке ашыруу программасы жылдын аягына туш келет.  Туура бир жылдан соң заводубуз өз ишин баштайт  деп үмүт кылабыз”, - деп белгиледи ал өз сөзүндө. Белгилей кетчү жагдай, долбоор башчысынын билдиришинче, жаңы өндүрүшкө Казак Республикасынын куралдуу  күчтөрү тарабынан азыртан кызыгуу көрсөтүлүп жатат. Аскерлер үчүн атайын хаки түсүндөгү  таңгак иштелип чыкты.

Өндүрүштү ири соода түйүндөрү жана чекене дүкөндөр аркылуу жарандарга жеткирүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Буга кошумча, Жылдыз Сулейменова төө этинин тушёнкасы уй этиникине  салыштырмалуу бир жарым эсеге арзан болоруна ишенет. “Төө талаага эркин жайылып багылат, анын эти таза. Жада калса, эки-үч жаштагы төөнүн эти уйдукунан сапаты,  аминокислоталык жана белоктук курамы боюнча төмөн эмес. Бирок анын базар баасы дээрлик эки эсе төмөн. Алгачкы жылы биз 600 миң даана консерва чыгарууну пландап жатабыз. Казакстанда мындай консерваларга аналог  такыр жок”, - дейт ал. Ишкананы төө эти менен камсыз кылууда дээрлик 5 миң баш жандыгы болгон, Алматы облусунун ири фермердик чарбаларынын бирине тапшырылат.  Учурда бул чарба менен алдын ала макулдашуу бар.