21.12.18.

Казакстан жана Өзбекстан 2019-жылдын февраль айынан баштап жалпы “Silk visa” режимине кирүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу Казахстан Республикасынын Мамлекеттик Туризм комитетинин башчысынын орун басары Улугбек Касымходжаев билдирди. Анын айтымында биргеликте Орто Азия чөлкөмүнө чет элдик туристерди тартуу жана алардын санынын артыруу болуп эсептелет.  Улугбек Касымходжаев: “Биздин оюубузча 2019-жылдын февраль айында бирдиктүү виза өзүнүн ишин баштоосу керек. Silk visa долбоору эки өлкөнүн тийиштүү ведомстволорунун кароосунан өтүп,  уруксат беилген.

 Эми бир гана иштин техникалык бөлүгү жана  тетиктерге байланышкан макулдашуулар гана калды” – деп билдирди. Анын айтымында бирдиктүү визага кирүүгө Кыргызстан жана Таджикистан  дагы өзүнүн кызыгуусун билдиришүүдө. Казахстан тарабы болсо, Түркия жана Азербайжанды киргизүүнү пландап жатат.

Эске сала кетсек, 2018-жылы Казахстан Республикасынын Сенатынын коргоо, коопсуздук жана эл аралык мамилелер комитетинин төрөайымы, Дарига Назарбаева Өзбекстанга “шенген” визасынын аналогу “Silk visa”  Орто Азия чөлкөмүнө туристерди тартуу максатында түзүү боюнча сунуш менен кайрылган.

https://24.kg/ekonomika/104683_edinuyu_vizu_dlya_turistov_kazahstan_iuzbekistan_zapustyat_v2019_godu/