18.01.19.

Казахстандын Улуттук айыл чарба  «Продкорпорация» аттуу компаниясы, 2018-жылы, 427 миң тонна дан өсүмдүктөрүн  экспортогон.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 307 миң тоннага көптүк кылат. Компаниянын берген маалыматы боюнча, 2017-жылы 120 миң тонна буудай сыртка сатууга мүмкүн болгон.

Таратылган билдирүүдө, 158 миң тонна Кавказ чөлкөмүндөгү өлкөлөргө,  128,4 миң тонна Орто Азия аймагындагы өлкөлөргө,  Иранга 110.6  миң тонна, ал эми Кытайга 30 миң тонна буудай сатылган.  

Компаниянын билдиришинче, экспорттун көлөмүнүн өсүшүнүн себеби, Кавказ өлкөлөрүнө жана Түркменистандын рыногуна чыгуу болуп эсептелет.

Казахстандын Улуттук айыл чарба  «Продкорпорация» компаниясы, мамлекеттин ичиндеги азык-түлүк коопсуздугу, жана дан өсүмдүктөрүн сыртка экспортоо менен алектенет.

http://kabar.kg/tur/news/kazakistan-tah-l-i-hracat-n-art-rd/