2019-жылдын март айынан баштап дизелдик күйүүчү майдан башка, баардык мунай затынын түрлөрү экспортко чыгарылат. Бул тууралуу  Казакстан Республикасынын Энергетика минстри Канат Бозумбаев журналистер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Канат Бозумбаев:"Бул жылдын биринчи чейрегинде бизде бензин, авиакеросин, мазут, сыяктуу күйүүчү майдын түрлөрү ашыкча болот. Биздин оюубузча  негизинен бул мунай продуктуларын  Борбордук Азия өлкөлөрүнө,экспорттолот. Көп жылдар бою Казакстан мунай өндүрүп келген өлкө болгондугуна карабастан, сырттан импорттук мунай затын алып келген.  Азыр болсо, биринчиден баардык нефти заводорубуз модернизациядан өткөрүлдү. Экинчиден, өндүрүштүн тармагы кеңейтилди, үчүнчүдөн сапаты жаңы К4 жана К5 стандартына өзгөртүлдү. Мына ушундай чоң өзгөрүүлөр бизге кошуна өлкөлөргө мунай азыктарын экспортоого мүмкүндүк берет. Бүгүн Алматы шаарында, Кыргызстандан келген партнерлор менен болгон сүйлөшүүлөр аягына чыгып жатат. Ал эми кийинки жумада Казахстан Республикасынын Сенатында,  Россия Федерациясы менен мурда макулдашылган келишимди ратификациялоо маселеси каралат. Себеби, мурда жетишилген макулдашуу боюнча, бизге нефти продуктуларын экспортоого тыюу салынган эле. Эгер маселе оң жагына чечилсе, биздин мунай продуктуларыбызды сатууга жол ачылат.  Ошондуктан биздин болжолубузда, марть айынын аяк чендеринде экспорт иштери башталмакчы” – деп билдирди минстр.

http://ca-news.org/news:1493553