28.02.19.

Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев, алдыдагы 10 жыл Казахстандын өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кирүүсү үчүн чечүүчү мезгил экенин билдирди.

Назарбаев Нур Отан партиясынын 18-жыйынындагы сөзүндө, өлкөнүн 1991-жылдан бери тышкы соодасы  9 эсе өскөнүн, 320 млрд. доллар тышкы инвестиция жасалгандыгын жана элдин кирешеси 16 эсе көбөйгөндүгүн айтты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүү этабына кире баштагандыгын белгилеп: “Алдыдагы 10 жыл өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кирүү үчүн чечүүчү мезгил болот”,- деп билдирди.

Президент  иш-чараларда “Улуттук биримдик, атаандаша ала турган күчтүү экономика, интеллектуалдык өнүккөн коом жана дүйнөдө кадыр-барктуу өлкө” сыяктуу негизги компоненттерден турган улуттук идеяны жол көрсөткүч катары колдонуу керек экендигин айта кетти.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев: “Биздин узун мөөнөттүү стратегиябыз, табигый ресурстарыбыз жана саясий эркибиз бар. Мамлекеттин күчү анын экономикалык өнүгүүсү жана элдин жашоо шарт деңгээлинин динамикасы менен бааланат. Ошондуктан мага ишенген элдин эртең эмес бүгүн бактылуу болушун каалайм”,- деди.

http://kabar.kg/tur/news/kazakistan-n-hedefi-10-y-lda-en-geli-mi-30-ulke-aras-na-girmek/