04.03.19.

2019-жылдын январь айында, Казахстанда түстүү металлды өндүрүү 107 млрд. теңгеге жетти, өткөн жылга караганда 25,2 пайызга өскөн.

Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч. 2018-жылы казып алуунун көлөмү 85,5 млрд теңгени түзгөн.

Казахстанда өндүрүлгөн жездин негизи керектөөчүлөрү Азия жана КМШ өлкөлөрү. 2018-жылы тазартылган жездин жана иштетилбеген жез эритмелеринин экспорту 2,4 млрд. долларды түзгөн. Казахстандын негизги кардарларына, биринчи орунда 55,4 пайыз менен Кытай турат. Экинчи орунда Бириккен Араб Эмираттары (16,1 пайыз) жана үчүнчү орунда 15,4 пайыз менен Улуу Британия турат.

Жез калдыктарынын жана сыныктарынын экспорту 58,4 млн.долларды түзгөн. Эң негизги импортерлор Россия (98,2%) жана Белорусь (1,8%).

Өлкөдөгү жез казуу жана өндүрүүчү компаниялардын бири KAZ Minerals PLC. 2018-жылы бул компаниянын жез өндүрүү көлөмү 194,7 миң тоннага жеткен. Бул өткөн жылга караганда 14 пайызга көп.

Жалпысынан 2018-жылдын 9 айында металл кен байлыгын казып алуу үчүн тике инвестициярдын көлөмү 368,2 млн. доллар болгон ( 95,4 пайызга өсүш).

Ушул эле мезгил үчүн Кытай Казахстандын экономикасына 1,2 млрд. доллар инвестиция жасагаган ( 40,6 пайызга өсүш).

http://www.kp.kz/15088-dobycha-rud-tsvetnykh-metallov-za-yanvar-dostigla-107-milliardov-tenge-na-25-bolshe-chem-godom-ranee