13.03.19.

Астана, Алматы жана Шымкент шаарларынын аэропортторунда 2022-жылы Tax Free башкача айтканда чет өлкөлүк жарандардын сатып алган товарларына кошулган нарктын налогун кайра кайтарып берүүчү системасын киргизүү пландалууда.

Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы Казахстанга Tax Free системасын Европа Биримдиги, Австралия, Таиланд, Сингапур жана Россия, Белорусия, Грузия сыяктуу КМШнын бир катар өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен киргизиле тургандыгын айтты.

“Бул чаранын натыйжасында көптөгөн өнүккөн өлкөлөр соода жүгүртүүсүн гана эмес шоппинг-туристтердин агымын да көбөйтүштү. Кайтарып берүү PremierTaxFree, GlobalBlue, InnovaTaxfree сыяктуу операторлорду катышуусу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен ири аэропорттордо гана жасалат”,- деди бөлүм башчысы.

Tax Free Казахстандагы 2019-2025-жылдарга карата туризм тармагын өнүктүрүү программасында каралган чаралардын бири. Аталган программа Казахстанга туристтердин агымын 4 эсе көбөйтөт.

Бюджеттин жүгүн азайтуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга туристтик салым киргизүү пландалууда. Туристтик салым (Bed Tax) бир түнгө 2-4 долларды түзөт. Бул чара мамлекеттик программаны кабыл алгандан тарта бүткүл Казахстан боюнча иштеп баштайт.

https://ca-news.org/news:1499977