20.03.19.

Казахстан Республикасынын борбору  Астана шаарынын аталышын биринчи президент Нурсултан Назарбаедин урматына “Нурсултан” – деп өзгөртүү жөнүндө чечим, шаршемби күнү, 20-мартта Казакстандын баш мыйзамын өзгөртүүлөрдү киргизүү менен экинчи жолку акыркы окууда кабыл алынды.

Парламенттин жогорку жана төмөнкү палатасынын депутаттары өлкө борборунун аталышын өзгөртүү боюнча, конституцияга жаңы өзгөртүүлөр киргизүүнү карап чыгышты.  Биргелешкен жыйында, парламенттин межилисинин спикери  Нурлан Нигматулин: “Конституцияга ылайык,  өкмөт президентке борбордун атын өзгөртүү үчүн  баш мыйзамга  өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин, ал үчүн элдик референдумга алып чыгууну сунуштаган. Бирок, Казакстандын президенти бул сунушту референдум жолу аркылуу эмес, парламентке  жолдоону туура деп  чечти. Ал эми, конституциялык кеңеш бул маселе тууралуу оң корутунду берди" – деп билдирди.

Жалпы жыйынга катышкан депуттардан сенаттан 43 жана парламенттен 102си макул деген добушун беришти.

Ушул жылдын 19-мартында, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетерин жарыялаган эле. Бирок, ал өз өлкөсүн сүйгөн адам катары, элине дайыма кызмат кыларын  уланта берерин  айткан эле.

Казакстандын жаңы президенти, Касым-Жомарт Tокаев, 20- март бийликти өткөрүп берүү аземинде ант берип, ишке киришти.

https://ru.sputnik.md/world_society/20190320/25213658/Astanu-pereimenovali-Nursultan-v-chestpervogo-prezidenta-Kazahstana.html