23.03.19.

2019-жылдын 23-марть күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алгачкы расмий иш сапары менен Түркистан шаарына келди.

Иш сапарынын жүрүшүндө, областтык борбордун курулушу менен таанышып,  региондун коомдук өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. 

Токаев иш сапарынын жүрүшүндө "Азрет-Султан" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун археологиялык жана архитектуралык эстеликтери менен таанышты жана  Кожо Ахмет Ясавинин күмбөзүнө барды. Ошол эле учурда, ал маданий объектилерди калыбына келтирүү жана музей-коругунун аймагын жашылдандыруу иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат укту.

Мындан тышкары, президентке райондук акимияттын административдик имаратынын, башкаруулардын, бөлүмдөрдүн жана ошондой эле конгресс залынын, медиа-борборунун, “Ұлы дала елі" борборунун, окуучулар сарайынын, туризм окуу жайынын, "Астана" аянтынын, музыкалык фонтандын, коомдук тейлөө борборунун жана башка социалдык-маданий максаттагы объектилердин курулушу тууралуу маалыматтар берилди.

Түркстан 2018-жылдын 19-июнунда облустук маанидеги шаар аталып, мурда Түштүк-Казакстан деп аталган Түркистандын борбору болуп калды. Түштүк-Казакстандын борбору Шымкент шаары болсо, республикалык маанидеги шаар статусун алды жана Казакстандын Астана жана Алматыдан кийинки үчүнчү мегаполиси шаарына айланды.

https://ru.sputniknews.kz/politics/20190323/9650433/tokayev-turkestan-pervaya-poezdka.html