03.04.19.

Расмий салтанаттуу жолугушуудан кийин эки өлкөнүн башчыларынын жабык жана ачык форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти, Владимир Путиндин куттуктоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, алгачкы чет элдик сапарынын Россия Федерациясынан башташынын символикалык мааниге ээ экенин айта кетти.

Мамлекет башчысы Казакстан менен Россиянын азыркы таптагы мамилеси көптөр үчүн өрнөк болгондугун баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев: “Казакстан башчысы катары мен Казакстан Республикасынын биринчи президенти – Елбасы Нурсултан Абишевич Назарбаевдин саясатынын ырааттуулугун камсыз кылууну жана ошондой эле казак-орус кызматташуусунун активдүү жана ар тараптуу өнүгүүсүн уланттууну максат кылам”, - деп билдирди.

Казакстандын прзиденти өзгөчө эки өлкөнүн экономика жаатындагы кызматташуусуна анын ичинде энергетика, транспорт, транзит, өндүрүш жана космос тармактарындагы маселелерге токтолду.

Казахстан президенти: “Россия Казакстандын тышкы соодадагы номер биринчи өнөктөшү бойдон калууда, анын Казакстандын соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү 19 пайызды түзөт. Бара-бара инвестициялык кызматташуусу да артып жатат. Казакстанда Россия капиталынын катышуусу менен 9 миңден ашык компания ийгиликтүү иш жүргүзүп жатат”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Россиянын президенти Владимир Путин да Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандын мамлекет башчысы катарында Россияга алгач сапарынын символикалуулугу жана казак-орус мамилелеринин жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Жогорку деңгээлдеги кеңештин жыйынтыгында, Россия жана Казакстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Мындан сырткары бир катар документтерге кол коюлду:

Россия Өкмөтүнүн жана Казакстан Өкмөтүнүн ортосунда «Байконур» комплексин газ менен камсыздоо боюнча макулдашуусу;

РФнын Өндүрүш жана соода министрлиги менен РКнын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосунда өнөр-жай кызматташтыгын  өнүктүрүү тармагында биргелешкен иш-чаралар;

РФнын Өндүрүш жана соода министрлиги жана Санариптик өнүгүү министрлиги менен РКнын  Коргоо жана аэрокосмостук өнөр жайы ортосунда өндүрүштүк жана илимий-техникалык кызматташтык тармагында эки тараптуу кызматташуу планы.

https://primeminister.kz/ru/news/president-of-kazakhstan/prezident-respubliki-kazahstan-k-tokaev-vstretilsya-s-prezidentom-rossiiskoi-federatsii-v-putinim-18134