11-апрель күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Актау эл аралык деңиз портуна иш сапарынын алкагында келип кетти.

Сапардын жүрүшүндө Казахстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев порттун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Деңиз портунун учурдагы ишмердүүлүгү, Каспий деңизинде жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү перспективасы жана Актау шаарынын курорттук аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча маалымат алды. Өкмөт башчысынын орун басары Женис Касымбектин айтымында, Актау портунун дүйнөлүк транспорттук коридорлордун кесилишинде жайгашуусу ага чоң мүмкүндүк берет. Анын жалпы соода жүгүртүүсү жылына 17,7 миллион тоннага чейин жеткен,  чийки нефть жана мунай заттары ташылып тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, Казакстандын президенти «Маңғыстау» ракета жана артиллериялык кемеси жана Казахстан Республикасынын Коргоо министринин деңиздик аскер флотунун аскердик техниикасы, курал-жарак жана жабдуусу менен таанышты.

http://www.akorda.kz/ru/events/astana_kazakhstan/visits_to_objects/poseshchenie-ao-nk-aktauskii-mezhdunarodnyi-morskoi-torgovyi-port