14-апрель күнү Казахстан Республикасынын Туркестан шаарынан Өзбекстан Республикасынын  Самарканд шаарына жаңы ачылган эл аралык автобустук каттам алгачкы жүргүнчүлөрүн алып келишти.

Туркестан облусунун акимиятынын  басма сөз кызматы маалымдагандай, ар күн сайын саат 18:00 маршруттук каттам жолго чыгат. Жүргүнчүлөр Түркстандагы "Алтын Орда" автобус бекетинен Самаркандагы "Самарканд" автобус бекетине чейин жеткизилип турулат. Казахстандын Шымкент шаарында  жана Өзбекстандын Гүлистан жана Жызак шаарларында аялдамаларда тыныгуулар  жасалып турмакчы. Жол акысы төрт миң теңгеге бааланган. Бийлик өкүлдөрүнүн пикири   боюнча, Түркстан жана Самарканд араcындагы автобус кызматы өлкөгө келген туристтердин агымынын өсүшүнө таасир берет.

2018-жылдын 10-декабрында Туркестан-Ташкент автобус каттамы ачылган. Буга чейин аткаминерлер эки өлкөнүн арасында жүргөн автобустар  чек арадан эркин өтүп жүрө алышат деп билдиришкен.  Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү боюнча биринчи регионалдык форум 15-ноябрда Казакстандын Шымкент шаарында болуп өткөн.

https://rus.azattyq.org/a/29879735.html