Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Корея Республикасынын президенти Мун Чже Ин Нур-Султан шаарында 22-апрель күнү  кеңейтилген курамда официалдуу көрүшмөсүн өткөрүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Токаев, бүгүнкү күндө Корея Республикасы Казахстандын ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшү болуп саналат деп белгиледи.

Касым-Жомарт Токаевдын айтымында, Түштүк Корея соода-инвестициялык жана технологиялык кызматташууну өнүктүрүү жаатында  Казакстан үчүн приоритеттүү он өлкөнүн бирине кирет. Касым Жоомарт Токаев: “Өз ара товар жүгүртүү көлөмүнүн туруктуу өсүп жатат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, анын көрсөткүчү  4 миллиард долларга жетип, 2017-жылдын көлөмүнөн эки эсе жогору болгон. Инвестиция жаатында кызматташуу пландуу түрдө өнүгүп жатат. Алсак, Кореядан Казакстанга түз инвестиция көлөмү 7 миллиард долларга жетти. Түштүк Кореянын бизнеси биздин экономиканын тамак-аш, тоо кен казып алуу жана кайра иштетүү, автомобиль жана башка тармактарында ийгиликтүү иш алып барууда” – деп белгилеп өттү.

Президенттер, 2007-жылы "Борбор Азия - Түштүк Корея" Форуму түзүлгөндөн бери, ар тараптуу консультативдик диалог катары Корея жана Борбордук Азия менен өз ара ишенимди бекемдөөгө,  жана эки тараптуу таджыйырба алмашууну активдештирүүгө салым кошоконун  белгилешти. Мындан ары форумду өнүктүрүү аракеттерди көрүүгө эки тарап макулдашышты.Тараптар 2019-жылдын октябрь айында, Нур-Султан шаарында XII "Борбордук Азия – Корея Республикасы" форумун Тышкы иштер министрлери деңгээлинде өткөрүүнү кубатташты. "Борбордук Азия - Корея Республикасы" форумунун 2017-жылы расмий түрдө иштеп баштаган катчылыгы, Корея жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу долбоорлорун колдоого көмөк көрсөтөт.

Президент Мун Чже Ин Казакстандын өкмөтүнө жана элине жылуу кабыл алгандыгы үчүн  ыраазычылык билдирип, Казакстандын президенти Токаевди  эки тарапка тең ыңгайлуу учурда Кореяга келүүгө чакырды. Токаев бул чакырууну  ыраазычылык менен кабыл алды.

https://zonakz.net/2019/04/22/prezidenty-kazaxstana-i-yuzhnoj-korei-proveli-peregovory-v-akorde/