05.03.19.

 "КазТрансГаз" АК улуттук оператору, Казакстан аймагындагы "Борбор Азия - Борбор" башкы газ кууру аркылуу Орусияга түркмөн чийки газын  кайрадан транзиттөөнү баштаганын, КТГнын басма сөз кызматы билдирди.

"КазТрансГаз" Акционердик коому рекорддук кыска убакытта, өзүнүн газ куурлары менен транзиттик жеткирүүнү жандандыра алды. Магистралдык "Борбордук Азия - Борбор" газ түтүгүнүн модернизациялануусу жана жаңы технологиялардын жардамында, бир нече күндүн ичинде эле түркмөн газын ташуу режими  иштелип чыкты. Магистралдык  "Борбор Азия - Борбор" газ өткөрүүчү түтүк аркылуу Россияга түркмөн газын ташуу көлөмү күнүнө 15 миллион куб метрди түзөт. Казакстан аркылуу транзит жанданган тарта 220 млн. куб метр газ ташылды. Эске салсак, Казакстан газ ташуу системасы аркылуу түркмөн газынын транзити 2016-жылы токтоп калган. 2019-жылдын башында Түркмөнстан менен Орусиянын ортосундагы 2028-жылга чейин газ тармагындагы кызматташтык боюнча өкмөт аралык келишимдин алкагында газды кайрадан транзиттөө боюнча макулдашууга жетишишкен. Бул учурунда, үч мамлекеттин газ тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты калыбына келтирүүсүнө өбөлгө түздү.

 Акыркы жылдары, Казакстандын газ өнөр жайы ири заманбап модернизациядан өттү жана эксперттердин пикири боюнча "КазТрансГаз" компаниясы Борбордук Азияда газ агымдары боюнча маанилүү жана технологиялык күчтүү оператор болуп калды.

https://ria.ru/20190503/1553238806.html