03.05.19.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) демилгеси менен Казакстан Улуттук музейинин кызматкерлери  Түркиянын музей тармагындагы иш тажрыйбалары менен бөлүштүлөр.

Музей жаатында Казакстан жана Түркия арасында тажрыйба жана маалымат бөлүшүү, ошондой эле, кызматташуунун деңгээлин жогорулатууга багытталган "Музей тажрыйба алмашуу программасы"  уланууда, деп билдирилет ТИКА тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө.

Казакстан Улуттук музейинин кызмат адамдарынан турган делегация, ТИКА координациялоосунда Маданият жана туризм министрлигинин маданий дөөлөттөр борборуна  жана музей башкармалыгында болушту.

Казак жетекчилерине, ТИКА тышкы байланыштар жана кызматташтык бөлүмү төрагасы Угур Танйели  тарабынан мекеменин иштери боюнча маалымат берилди.

Танйели, Түркия дос жана боордош өлкөлөр менен билим жана тажрыйба алмашууну  мындан ары да улантаарын айтып, "Биз Музей жаатында Казакстан менен кызматташууга абдан кубанычтабыз" - деп билдирди.

Казахстандагы Бозок музейинин директору  Берик Абдигалийлу  ТИКАга ыраазычылык билдирип, программанын кийинки кадамы   Түркиядан  музей боюнча  эксперттерди Казакстанга чакыруу деп билдирди.

Делегацияга сунулган презентацияда, заманбап музей иштери, музейди жасалгалоо, каржылоо, Түркияда музей башкаруучулугу, музейлердеги табылгалардын сакталуусу жана көргөзмөсү, билим берүү жана маданият боюнча иш-чараларды уюштуруу, Түркия музейлеринде  калыбына келтирүү жана сактоо иштери тууралуу айтылды.

Программанын алкагында, Анкарадагы күмбөз, Анадолу Маданият музейи, Конья жана Кападокия музейлери менен таануушулар болду.

http://kabar.kg/tur/news/muzecilik-alan-nda-turk-kazak-i-birli-i-devam-ediyor/