Казахстандын, Жамбыл облусунда "Батыш Кытай, Батыш Европа" автомагистралын оңдоп-түзөө иштери башталды деп билдирет "Хабар 24" телеканалы.

Бул максаттар үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен болжол менен 1,9 миллиард тенге бөлүнгөн. Оңдоп-түзөө иштери,  Алматы-Ташкент-Термез жолунда өткөрүлөт. Калыбына келтирүү иштерине үч көпүрө куруу  муктаждыгы бар. Эл аралык коридордун бул бөлүгүнүн начар абалын адистер жүк агымынын өсүшү менен байланыштырышат.

2009-2015-жылдар аралыгында "Батыш Европа - Батыш Кытай" долбоору ишке ашырылган болучу. Ал убакта, машиналардын саны суткасына 6 миңден 7 миңге чейин эле. Азыр алардын саны көбөйдү - болжол менен 8,6 миң, кээде 9 миңге чейин жетет. Чоң жүк ташуучу унаалардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу жолдордо көбүрөөк жарака пайда болууда, " - деп АК " НК Казавтожол"дун аймактык бөлүмүнүн директору Нурбол Мынжасаров белгиледи.

https://www.caravan.kz/news/gosudarstvo-vydelit-19-mlrd-tenge-na-remont-dorogi-zapadnaya-evropa-zapadnyjj-kitajj-539457/