Актау - Ташкент маршруттук каттамы менен 13-май күнү  Казахстандын Актау портунан  Өзбекстандык   "Узбекистон темир йуллари" акционердик коомуна таандык он фитингдик платформа жолго чыкты.

 "Узбекистон темир йуллари" басма сөз кызматы билдиргендей Өзбекстанга жөнөтүлгөн биринчи транзиттик контейнердик жүк Транс-Каспий эл аралык транспорттук маршруту  боюнча жүк ташуу андан ары өнүктүрүү боюнча Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Иран жана Түркмөнстан темир жол өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуунун  жемиштүү иш алып баруунун логикалык уландысы болуп саналат.

Контейнерлерде ташылуучу жүктөр логистикалык борборлорго жеткирилип, ал жерде  документтерди каттоонун тартиби, бажы контролу жүргүзүлүп жана андан кийин көздөгөн жерине  жөнөтүлмөкчү.

https://eadaily.com/ru/news/2019/05/14/uzbekistan-nachal-ispolzovat-kazahstanskiy-port-aktau-dlya-tranzita