05.16.19.

Индиялык инвесторлор Казахстандын Түркстан областында лыжа курортун курат.

Бул тууралуу  Алматы акиминин орун басары менен  "Chaudhary Group" (CG Global) компаниясынын төрагасы  Бинод Чаудхари жана аткаруучу директору Варун Чаудхаринин  жолугушуусу учурунда айтылганын акимдин басма сөз кызматы билдирди.  "Chaudhary Group (CG Global)" компаниясынын  өкүлдөрү, Түркстанда бир катар  долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдиришти. Атап айтканда, инвесторлор лыжа курорту менен биргеликте керектүү инфраструктура  жана мейманкана куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн, компания чет элдик тажрыйбаны колдонуу менен бирге, өнөктөш катары, Испания, Швецариядан адистерди тартууну  пландаштырууда. Мындан тышкары, демөөрчүлөр, мейманкага ээ болуу, кесме өндүрүшүн кеңейтүү, ошондой эле (Food Park) Тамак-аш паркын түзүүгө  ниеттенип жатышат. Жолугушуу учурунда, "Chaudhary Group" (CG Global) өкүлдөрү Түркстанга, өзгөчө Казыгурт районундагы өнөр- жай зонасына боло турчу иш сапарынын деталдарын талкуулашты. Сапар учурунда, инвесторлор тез кесме комбинатын өндүрүүчү заводунун курулушу менен таанышышат.

Заводду  иштетүү ушул жылдын 1-июлуна пландаштырылган. Долбоордун наркы $ 15 млн. долларды түзөт. Продукциялар, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу кошуна мамлекеттерге экспорттолот.

https://otyrar.kz/2019/05/investory-iz-indii-postroyat-gornolyzhnyj-kurort-v-turkestanskoj-oblasti/