22.05.19.

Нур-Султан шаарында түрк тилдүү өлкөлөрүнүн биргелешкен Соода-өндүрүш палатасынын (СӨП) уставына кол коюлду.

Бул жөнүндө СӨПтүн басма сөз кызматы билдирди. Документке кол коюу салтанаттуу аземи Нур-Султанда өткөн  XII Астана экономика форумунун алкагында болду. Кыргызстандын атынан, уставка СӨПтүн президентинин орун басары Нурлан Мусуралиев кол койду. Документке кол коюу аземине,  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин башкы мүдүрү Багдад Амреев, Түркиянын соода-өндүрүш палаталар жана биржалар бирикмесинин (TOBB) башчысы Рифат Хисаржыклыоглу, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Казакстандын “Ата мекен”  улуттук ишкерлер палатасы башкармалыгынын төрагасы Аблай Мырзахметов катышты. “Биргелешкен СӨПтүн ачылышы Түрк Кеңеши өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгуртүүнүн көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Документти иштеп чыгуу көп убакыт алды, себеби ар бир өлкөнүн экономикасын карап анализдеп чыгуу керек эле. Азыркы учурда, түрк тилдүү өлкөлөрдө 152 млн. калк жашайт. Ал эми, бул жалпы ИДПсынын 1 трлн. долларга барабар болгон  чоң потенциал”,- деп билдирет СӨПтун басма сөз кызматы.

http://www.tazabek.kg/news:1547357?from=portal&place=last&b=1