Орусиялык "Экокультура" агрардык-өнөржай холдинги Казахстандын Түркестан облусунда  ири күнөскана комплексин курууну пландаштырууда.

Бул жөнүндө областык акимияттын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, күнөскана комплексин Түркестан обласынын Келес районунда  500 гектар аянтка куруу пландалып жатат. Долбоордун жалпы баасы 1,1 млрд доллар.  "Бул долбоор Түркстан акимиаты жана "Экокультура" орус компаниясынын ортосунда кол коюлган өз ара кызматташуу  меморандумунун алкагында 2019-жылдан 2025-жылга чейинки убакыт аралыгында ишке ашырылат",- деп билдиришти акимчиликтен.  Комплекс өлкө боюнча эң ири комплекс болоору күтүлүп жатат. Продукциясы  КМШ  жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. Күнөскана комплексинде, бадыран жана помидорлорду өстүрүү  ниетелип жатат. "Экокультура" -- Орусиялык компаниялар тобу. Орусия, Казахстан жана Украина  аймагында кесиптик күнөскана комплекстери менен тыгыз кызматташат. Негизги ишмердүүлүгү -   микро жер семирткичтериН сатуу жана өсүмдүктөрдүн азыктандыруу  технологияларын  киргизүү болуп саналат.

https://inbusiness.kz/ru/last/1-1-mlrd-v-stroitelstvo-teplichnogo-kompleksa-v-turkestanskoj-oblasti-i-investiruet-rossijskaya-ekokultura