23.05.19.

Казакстандын борбор калаасы Нур-Султанда,  Евро Биримдик (ЕБ) жана Дүйнөлүк банк, Борбор Азиядагы суу жана энергетикалык коопсуздукту жакшыртуу үчүн  7 млн. евро өлчөмүндө грант бөлүү боюнча келишимге кол коюшту.

Суу ресурстарын башкаруу үчүн бөлүнгөн кетчү каражаттар төмөнкүчө коротулмакчы. Маселен, жыл сайын Казакстанда жетишерлик  суу менен камсыз болбогондуктан, $750 миллион  доллардан ашык каражатын жоготот, Кыргызстан - $ 120 млн, Өзбекстан - 650 млн, Тажикстан жана Түркмөнстан менен биргеликте -  $ 300 млн жоготот. Бүтүндөй Борбордук Азия региону жетишерлик суунун жоктугунан $ 2 млрд. долларга чейин жоготууга учурайт.

ЕБнын Казакстандагы элчиси, Свен-Олов Карлссон: "Борбор Азиядагы суу жана энергетика ресурстары  тыгыз байланышта болгондуктан, бул ресурстарды биргелешип башкаруу, аймактагы туруктуу өнүгүүгө, жакырчылыкты жоюууга  жана климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Евро Биримдиктин берген гранттык  жардамы Орто Азия өлкөлөрүнө туруктуу инвестициянын киришине, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды жакшыртууга суу жана энергетикалык коопсуздук боюнча  өлкөлөр ортосундагы аймактык диалог жана кызматташтыкты жакшыртууга жардам берет – деп белгилеп өттү.

http://www.uzdaily.uz/ru/post/43959