9-июль күнү Казакстан өкмөтү өткөргөн жыйында, Шымкент шаарынын 2023-жылга карата өнүктүрүү боюнча жаңы планы кабыл алынды.

Комплекстүү планда, 10 багыт боюнча 89 иш-чараларды жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Жалпысынан алганда, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 3,35 миллиард доллар талап кылынат. Бул сумманын, $ 2,2 миллиарды жеке салымдардын эсебинен ишке ашырылат, ал эми калган  $ 177.2 миллион доллар болсо, мамлекет тарабынан бөлүнмөкчү. Шаардын жашоочуларын көгүлтүр газ жана электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн АГРС-3 жана АГРС-6 электростанциялары курулат.

Мындан тышкары, жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн аэропорттун аймагына жүргүнчүлөрдү тейлеген жаңы терминал салынмакчы. Ошондой эле, эски автожолдор реконструкциядан өтүп кошумча жаңы автожолдор дагы салынмакчы.

2023-жылга чейин бардык  каржылоонун булактарынын эсебинен  319 даана турак үй, 23. 500 орунга эсептелген 15 мектеп, конгресс борбору жана музей куруу пландаштырылып жатат. Мындан тышкары, Кажымукан Мунайтпасов атындагы борбордук стадионун UEFA жана IAAF стандарттарына ылайык реконструкциядан өтмөкчү. Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган пландын негизинде, жеке салымдардын эсебинен 1000 орунга ылайыкташкан көп профилдүү  ооруканалар курулат. Ал эми, мамлекеттик каражаттын эсебинен алгачкы жардам көргөзүүчү медициналык санитардык мекемелер салынмакчы.

Шымкент шаарынын акими Г. Абдрахимовдун айтуусунда, жогорудагы пландар ишке ашырылса, аймактык дүң өндүрүмдүн (ВРП) көлөмү  $ 9,1 миллиард доллардан ашып өндүрүштүн көлөмү эки эсе жогорулайт. Буга кошумча дагы 60 миң жумушчу орун түзүлмөкчү.

https://elitar.kz/ru/materialy/news/na-razvitie-shymkenta-vydelyat-335-mlrd