17-июль күнү, Өзбекстандын жана Казакстандын  өкмөт башчылары Абдулла Арипов жана Аскар Мамин биргеликте эл аралык маанидеги  "Бейнеу — Акжигит — Өзбекстан чек арасы" жолунун ачылыш аземине катышышты.

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин: “Жаңы ачылып жаткан жол, Өзбекстандын өндүргөн товарларын Россиянын базарларына кыска аралыкта чыгуусуна жардам берет. Мындан тышкары, Кавказ өлкөлөрүнүн базарларына дагы Казакстандын деңиз порттору жана автожолдору аркылуу чыгууну камсыздайт” – деп белгилеп өттү. Ошондой эле ал, Өзбекстан жана Казакстандын ортосундагы товар жүргүртүү, өткөн жылы 3 миллиард долларга жеткендигин жана үстүбүздөгү жылдын башынан бери бул көрсөткүч 25 пайызга өскөндүгүн билдирди.

Эскерте кетсек, автожолдун узундугу 84 километрди түзөт. Бул автожол, Каспий аймагына жана Европа биридигине кирген өлкөлөрүнө чыгуучу, эл аралык транзиттик транспорттук коридор болуп эсетелген "Ташкент – Самарканд – Бухара – Нукус – Бейнеу – Атырау - Астрахань" автожолунун курамына кирет.

Жолдун курулушуна  108 миллион доллар акча каражаты коротулган.

https://uz.sputniknews.ru/economy/20190717/12023902/Uzbekistan-i-Kazakhstan-otkryli-novuyu-avtodorogu-mezhdunarodnogo-znacheniya.html