Казакстан 61 өлкө менен виза келишимин орноткон. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда, Ички иштер министрлигинин миграция  кызматынын комитети тарабынан билдирилди.

Ал эми, эки тараптуу визалык келишимдер 19 гана өлкө менен түзүлгөн. Ошондой эле 90 күнгө чейин  миграция  кызмат органдарынан каттоодон өтпөй туруп жүрө ала турган  - 8 өлкө бар (Армения, Белоруссия, Грузия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Монголия, Россия жана Украина) Ал эми, 30 күнгө чейин - 10 өлкөнүн (Аргентина, Азербайджан, Бразилия, Түштүк Корея, Куба, БАЭ, Сербия, Тажикстан, Түркия жана Чили) болсо, Гонконгдо - 14 күнгө чейин калууга болот.

Визасыз режим өлкөдө жагымдуу бизнес-климат  түзүү үчүн жасалат.

Ошондой эле, 45 өлкө менен бир тараптуу 30 күнгө чейин  визасыз  жүрүү  боюнча бир тараптуу келишимдер  бар. Белгилей кетчү нерсе, Казакстандын мыйзамына ылайык,  чет өлкөдөн келген жарандар  беш күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек экенин белгилей кетүү керек.

Визаны катталуу жолу менен ошондой эле электрондук түрдө виза порталы аркылуу алууга болот.

https://eadaily.com/ru/news/2019/07/24/u-kazahstana-bezvizovyy-rezhim-s-61-y-stranoy-dvustoronniy-s-19-yu